Журналист Элнура Алкановага карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Медиа полиси институттунун юристи Алтынай Исаева билдирди.
Маалыматка ылайык, журналистке карата эки берене боюнча кылмыш иши козголгон.
"Журналист Элнура Алкановага карата козголгон иште эч кандай кылмыштын курамы аныкталган жок. Башкача айтканда, ага карата кылмыш иши токтотулду", - деп билдирет аталган институттан.
Эске салсак, 18-декабрда Башкы прокуратура анын журналисттик материалы боюнча иликтөө жүргүзүп, "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Айта кетсек, "Фергана.ру" веб-сайтынын басылмасында "Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк" деген журналисттик материал жарыяланган.
Кийин өкмөттүн басма сөз кызматы журналисттен өкмөт башчысы Сапар Исаковдон кечирим сурашын талап кылышарын билдиришкен.
"Анда келтирилген жүйөлөр чындыкка дал келбегендигине байланыштуу өкмөттүн басма сөз кызматы "Фергана.ру" басылмасы жана анын кабарчысы Элнура Алканова тараптан өкмөт башчы Сапар Исаковдун жана анын чөйрөсүнүн аталган бүтүмгө тийиштиги бар экендиги тууралуу маалыматтын төгүнгө чыгарылышын жана коомчулук алдында кечирим суроосун талап кылат", - деп жазылган маалыматта.