Бүгүн, 4-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган КСДП Нариман Түлеев 2015-жылы түрмөдө отурганда Атамбаевден кечирим сураганын айтып, Түлеев жазды делген каттын сүрөтүн жарыялады. Катта Түлеев делген адам Атамбаевден кечирим сурап, 3 жыл ичинде көп нерсени түшүндүм, жардам бериӊиз дейт. Ал эми Түлеев КСДП жарыялаган бул катты жазбаганын айтып чыкты. Экс-мэр КСДП тараткан каттагы кол жазма аныкы эместигин, бул одоно бурмалоо экенин, катты кол жазмалар экспертизасынан өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Түлеев интернеттеги жеке баракчасына өзүнүн кол жазмасын жарыялады. Албетте, 2 кол жазмадан окшоштук табуу кыйын.
Буга чейин Түлеевдин жердеши Салыбек Чолуев убагында Түлеевди түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошотуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн жар салган. "Биз парламенттеги нарындык депутаттарга кайрылганбыз. КСДП фракциясынын ал кездеги лидери Чыныбай Турсунбеков биздин маселе боюнча 1 күндө президентке 7 жолу кирип, акыркы жолкусунда "Атамбаев Түлеев кечирим сураса түрмөдөн бошотууга макул болду" деп чыкты. Бирок Түлеев өзүнүн ак экенин айтып, Атамбаевден кечирим суроодон баш тартып койду. Кечирим сурабай койгонунун азабын Түлеев түрмөдөн чыккандан кийин тартты, анын бизнесин мамлекет мыйзамсыз тартып алды", - дейт Чолуев. Бүгүн КСДП бул жалган маалымат экенин, Атамбаев эч качан Түлеевден кечирим суроону талап кылбаганын, Түлеев өзү кечирим сурап Атамбаевге бир нече жолу кат жазганын билдирди. КСДП Түлеев соттук чечимдерди кайра кароо толкунуна илинип калууну көздөп жатышы мүмкүн деген пикирде. Түлеевдин позициясы 180 градуска өзгөргөнүн, өз атасынын көзү тирүү туруп убагында Курманбек Бакиевди "атаке" деген Түлеевден баарын күтүүгө болорун билдирет.
Түлеев менен КСДПнын бул айтышы кантип башталганына көз жүгүртсөк. Жакында Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев ортого киши салып, жарашууну сунуштаганын, бирок баш тартканын "Азаттыкка" айтып чыкты. Көп өтпөй КСДП экс-президент андай сунуш кылбаганын билдирип, Түлеевдин сөзүн Атамбаевди каралоо деп атады. Нариман Түлеев 2013-жылы коррупция боюнча 11 жылга соттолуп, кийин иши мунапыска илинип, 2016-жылы эркиндикке чыккан. Түлеев сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөп берген.
2017-жылы 21-апрелде Бишкекте Түлеевге таандык делген "Сапат Центрдин" имараты, 25-апрелде "Караван" соода борбору мамлекетке алынган. Бул имараттар мамлекетке Нариман Түлеевге чыккан сот чечимине ылайык, конфискацияланган мүлк катары өткөрүлгөн. Түлеевге таандык үйлөр да мамлекеттин карамагына алынган. Бул окуялардан кийин Нариман Түлеев "Сапат Центр", "Караван" соода борбору атасы Ташболот Түлеевге таандык экенин, бир дагы сот чечиминде Ташболот Түлеевдин үй-мүлкү конфискациялансын деген жери жок экенин, мамлекет үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрдү зордоп тартып алганын айтып чыккан. "1-2 жыл күтүп туралы, ким билет, бүгүн күн тийбесе эртеӊ тийип калар", - деген эле Түлеев. Быйыл март айында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев "Караван" сатыла турганын айтып, бирок бюджетке киреше түшүрүп жаткан жай эмне үчүн сатылып жатканын так түшүндүрүп бере алган жок. Парламент депутаты Рыскелди Момбеков "Караванда" иштеп жаткандар борборду жеке менчикке сатууда жеке кызыкчылыктар бар деп күмөн санап жатышат. Ал эми Түлеевдин экс-президентке каршы чабуулу, контраргументтердин аягы эмне менен аяктай турганы бүйүр кызытып турган учур...
Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурабай турганын билдирди. "Ата Мекендин" лидери кылмыш ишин жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгууну талап кылууда. "Ата Мекендин" юристи Таалайгүл Токтакунова айткандай, Текебаев менен бирге соттолгон мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов да президенттен ырайым сурабайт.
Юрист тийиштүү материалдар даярдалып бүтүп калганын, Текебаевдин ишин кайра кароого олуттуу негиздер бар экенин, алардын бири Убактылуу өкмөттөгү Текебаевдин иш бөлмөсүнө байланыштуу экенин ачыктады. "Президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Туруспек Коёналиев 2010-жылы Убактылуу өкмөт жайгашкан имараттагы 306-кабинет ал кезде Алмазбек Атамбаевдики болгонун расмий тастыкташы керек. Муну сотто бардык күбөлөр тастыкташкан", - деген Токтакунова Коёналиевден расмий жооп келе электигин айтат. Сотто Текебаевге каршы көрсөтмө берген күбөлөр "2010-жылы Текебаев менен ушул жерден жолугушканбыз" деп аталган 306-кабинетти көрсөтүшкөн. Текебаевдин жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ырасташынча, 306-кабинет ал кезде Текебаевдин эмес, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсү болгон.
Текебаев ага ырайым кылууну суранып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган акыйкатчы Кубат Оторбаевге ыраазычылык билдирип, бирок абактан ырайым суроо аркылуу эмес, сот аркылуу акталып чыгууга бей байлаганын айтат.
3-майда Кубат Оторбаев президентке кайрылуу жасап, анда Текебаевдин мамлекетке кошкон салымын эске алып, ага ырайым берүүнү суранган эле. Акыйкатчы "Текебаевдин күнөөсү так далилденип, айныгыс фактылар менен тастыкталган жок" деген пикирде. Оторбаев да жогоруда сөз болгон 306-кабинет сотто кимдики экени аныкталбаган бойдон калганын, сот тийиштүү тараптарга тактама жиберип, ал кабинет кимдики болгонун аныктоодон баш тартканын белгилеген эле. Көрүнүп тургандай, Текебаев ырайым кылууну өтүнүп президентке кайрылбай турганын билдирүүдө. Ырайым берүүнү суранып түрмөдөн чыкса Текебаев күнөөсүн моюнга алган болуп, соттолгон деген статуста калат. Мындай статус "Ата Мекендин" лидеринин саясий мамлекеттик кызматтарга барышына тоскоол болот. Мисалы, парламенттик же президенттик шайлоолорго талапкер катары катыша албай калат. Бул жагдай бүт өмүрүн мамлекеттик кызматка арнап, 6 жолу парламент депутаты болгон эмгек сиӊирген юрист Текебаев үчүн түрмөдө отурууга эле тете жаза. Эми Текебаев менен Чотоновдун ишин кайрадан кароо же баш тартуу Башкы прокуратуранын колунда турат...