Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевден кечирим сурап кат жазбаганын билдирди

4-майда КСДП Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевден бир нече жолу кечирим сураганын билдирди.

"Айрым адамдардын кезектеги жаңылыш, балким, провокациялык билдирүүсүнө байланыштуу Нариман Түлеев бир нече жолу кат түрүндө кайрылып Алмазбек Атамбаевден кечирим сураганын билдиребиз. Атамбаев Түлеевден кечирим суроону эч качан талап кылган эмес. Демек, кызматтык кылмыштары үчүн соттолгон адамдан кечирим суроону күткөн да эмес. Кечээ, 3-майда айрым маалымат каражаттарында Нарын облусунда жашаган пенсионер Чолуевге шилтеме жасаган маалыматтар пайда болуп, анда Атамбаев учурунда, эгерде Түлеев өлкө президентинен кечирим сураса, ага кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө жардам берүүгө даяр өңдөнгөнү айтылган. Тилекке каршы, бул калпты Түлеев өзү да төгүндөбөйт. Балким, соттук чечимдерди кайрадан кароо толкунун демилгелөө менен ага илинип калуу максаты бардыр. Ошентсе да Түлеевдин позициясынын 180 бурчтук жаңы нукка өзгөрүшү эч кимди таң калтырбайт деле. Анткени мурун Нариман Ташболотович өз атасынын көзү тирүү туруп, Курманбек Бакиевди "атаке" дегенин көптөр дале унута элек", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми Нариман Түлеев бул каттын ага тиешеси жок экенин SUPER.KG порталына билдирди. Түлеев бул боюнча билдирүү тарата турганын айтты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан