Нариман Түлеев: "Мен Атамбаевден эмес, ал элден кечирим сурашы керек"

Нариман Түлеев КСДП тараткан катта анын кол жазмасы эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-майда социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

"КСДП тараткан катта менин кол жазмам эмес. Бул одоно бурмалоо, мен катты графологиялык экспертизадан өткөргөнгө даярмын. Мен Алмазбек Атамбаевден эмес, ал элден кечирим сурашы керек. Ал коррупция, соттук систем, бажыдагы, Дача-СУдагы аткезчилик, Датка-Кемин үчүн элден кечирим сурашы зарыл. Азыр өлкөдөн жеке жумуштарым менен чыгып кеттим. Келгенде бул маселелер боюнча маалымат жыйын өткөрөм", - деп жазды Түлеев өз билдирүүсүндө.

Ошону менен катар эле ал өз кол жазмасын жарыялады.

Эске салсак, бүгүн КСДП Түлеев Атамбаевден бир нече жолу кечирим сураганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан