Бишкекте жакындары ур-токмокко алган 8 жашар кызды таякеси багып ала турган болду

Бишкекте жакындары тарабынан ур-токмокко алынган 8 жашар кызды таякеси багып ала турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 16-майда Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Миңбаев кабарлады. Анын айтымында, кыз жакынкы арада балдар интернатынан чыгарылып, таякесине өткөрүлүп берилет.

"Кызды багып алуу боюнча өтүнүч Аламүдүн районунун балдар иштер боюнча комиссиясы тарабынан каралган. Жыйынтыгында комиссия кызды таякесине берүүгө макулдук берген. Жакында таякеси өз үйүнө алып кетет", - деди Миңбаев.

Эске салсак, окурман 12-март күнү "Элдик кабар" рубрикасына Бишкекте 8 жаштагы кыз жакындарынан кордук көрүп ооруканага түшкөнүн маалымдаган. Маалыматты Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынан тастыкташып, ал колунан, башынын бир канча жеринен, моюнунан жаракат алып денесиндеги көп тактар менен "Тез жардам" аркылуу келгенин айтышкан. Кийин секелектин "Өгөй апам отургуч менен уруп колум сынды, башыма чөмүч менен чапкылап, күн сайын урат" деген видеосу чыккан.

Бул арада SUPER.KG'ге кыздын чоң энеси "Неберем өзү тентек, келинимдин урганына ишенбейм", - деп айткан. Бул боюнча кыздын өгөй апасына кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 8 жаштагы кыз 19-март күнү ооруканадан чыгарылып, бир тууган агасы менен балдар интернатына жиберилгенин социалдык кызматкерлер маалымдашкан. Андан кийин аталган окуя боюнча кыздын өз атасы да маек курган. Анда ал кызды таякесинин сунушу менен алып кеткенин билдирген.

Жакындары ур-токмокко алган 8 жашар кызды таякеси багып алат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bazana
2018-05-16 18:08:44
Таякесикинде жакшы кун корот бекен эми , бала оз ата энеси менен бактылуу болот, башка жерде турткунчук болот.
+6
portugalia
2018-05-16 19:31:28
Апасында боор болсо багабы?Атасы аялына урдуруп жатса.Таекеси жакшы адам болсун эми кыздын бешенесине.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан