"Аскарбек Бешимов тышкы иштер министри болуп калса, таң калбагыла", - деген пикирин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
Маектин жүрүшүндө Исаков Кытайдын өкмөтү Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорун ишке ашырууга ТВЕА компаниясын сунуштаганын айтып, тиешелүү нота Кытайдын элчилигинен 2013-жылдын 10-июнунда келгенин билдирди. "Кытайдын элчиси ал нотаны тапшырып жатканда расмий түрдө комментарийлерди берген. Алардын баары Тышкы иштер министрлигинде сакталып турат", - деди мурдагы премьер.
Андан соң журналист тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскарбек Бешимовдун төмөнкү сөзүн: "Дал ушундай эле катты Кытай тарап СМЕС мамлекеттик компаниясы боюнча берген, бирок ал кат эске алынган эмес. ТВЕАга лобби болгону үчүн окуя ушул сыяктуу сценарий менен өнүктү", - деп эске салды.
Исаков бул суроону Аскарбек Бешимовдун өзүнө берүү керектигин суранды. "Бешимов тышкы иштер министри болуп калса, таң калбагыла. Ал айтып жаткан нотаны же катты көрсөтүш керек. Мен айрым адамдарга караганда купуя сырларды сактаганды билем. Бешимов жөнүндө жана ал эмнеге жумуштан кеткенин эч нерсе дебей эле коёюн", - деди мурдагы премьер.
Айта кетсек, Аскарбек Бешимов 2012-2016-жылдары тышкы иштер министринин орун басары болгон.