Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча өкмөттүн маалыматы уктурулду.
Анын жүрүшүндө, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет", - деп айтты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийлик коррупциянын айынан мамлекетке келтирилген зыяндарды тарифтерди кымбаттатуу менен чечүүнү сунуштаганы туурабы?" деген собол салды.
Суроого Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова жооп берип, Бишкек ЖЭБди модернизациялоодо акчаны уурдап жегендерди кайра төлөтүү керек деген оюн айтты. Ал белгилегендей, Бишкек ЖЭБди модернизациялоого бөлүнгөн каражатты уурдап, жеп алгандардын банктык эсебин текшерүү зарыл.
"ЖЭБди модернизациялоодо акчаны уурдап жегендерди кайра төлөтүү керек. Алар кайсы бир банктардын эсептеринде акчаны кармап жатса керек. Ошолорду таап, мамлекетке кайрып берүү жолдорун издөө зарыл. Бул ишти тиешелүү органдар колго алуусу абзел. Электр энергиясынын тарифинин баасын көтөрсө да, көтөрбөсө дагы карыз элдин моюнуна жүктөлүп жатпайбы", - деди Мавлянова.
Эксперт Расул Умбеталиев, депутаттар Кенжебек Бокоев, Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикирлери бул топтомдо.