Депутат акыркы 4 жыл ичиндеги Жогорку Кеңеш ратификациялаган кредиттик келишимдерди териштирип чыгууну сунуштады

"Аткаминерлер, силер келген акчаны өз орду менен иштете албай баарыбыз уят болуп жатабыз", - деп бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рада Туманбаева билдирди.

Учурда жыйында Бишкек ЖЭБи боюнча өкмөт маалымат берип жатат.

"Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирилген. 111 миллион доллар карыз болуп жатабыз. Күнөөлүүлөрдү камасак, конфискация кылсак дагы ал акчаны ордуна кайтара албайбыз. 4 жылдын ичинде Жогорку Кеңеш ратификациялаган 49 кредиттик келишимдерди териштирип чыгалы. Сатып алуулар туура болуп жатабы? 111 миллион доллар элдин моюнуна илинип жатат. Кытайды күнөөлөп жатканыбыз туура эмес. Анткени алар бизге акча берип жатат", - дейт Туманбаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан