Депутат "ЖЭБди модернизациялоодо кымбат алынган материалдар үчүн ТВЕА компаниясын жоопко тартса болобу?" деп сурады

"Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирилген. Аткаруучу ТВЕА компаниясыбы?" - деп бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев сурады.

Ал материалдардын кымбат алынышы боюнча ТВЕА компаниясын жоопко тартса болобу деп сурады. "ТВЕА компаниясынын күнөөсү жок экени айтылды. Алар аткаруучу болсо, материалдардын кымбат алынышы боюнча аталган компанияны жоопко тартса болобу?" - дейт депутат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Аларды жоопко тарта алабыз деп так айта албайм. Тергөөчүлөр аныктап, укуктук баа берилгенден кийин жыйынтыгын билдиребиз", - дейт ал.

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан