Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборундагы авария тууралуу маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аталган маселе күн тартибине киргизилген.
Кечээ, 30-январда Бишкек жылуулук электр борборунда Жогорку Кеңештин отун-энергетика, кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйыны өткөн.
Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.
Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.