Бакай Банктын "Белектер жылы" акциясынын биринчи жыйынтыгын чыгарууга 14 күн калды

"Белектер жылы" акциясынан баш байгени утуп алыңыз да, үй-бүлөлүк бюджетиңизди 700 миң сомго толтуруңуз. "Бакай Банк" ачык акционердик коому жана "Золотая Корона" акча которуу системи "Жыл белектери" акциясынын старт алгандыгын жарыялады. Акция ушул жылдын 1-мартынан тартып 15-декабрына чейин улантылат. Баш байгеге коюлган 700 миң сомду утуп алуу үчүн 18 жаштан жогорку жарандар ат салышса болот.

Акцияга катышуу үчүн республиканын бардык аймактарындагы "Бакай Банктын" филиалдарынан же сактык кассаларынан "Золотая Корона" системи аркылуу акча которууңуз же алууңуз шарт.

700 миң сом баш байгеден тышкары ар бир үч ай сайын: 4-июнда, 3-сентябрда жана 25-декабрда да байгелер берилип турат. Алар:

* Муздаткыч

* Кир жуучу машина

* Телевизор * Ноутбук

* Чаң соргуч

* Микротолкундуу меш

* Смартфон

* Чайнек

* Үтүк

* PowerBank

* Ичүүчү суу үчүн фильтр аппараты

* Дубалга илинүүчү саат.

"Белектер жылы" акциясынын баш байгеси - 700 миң сомдун жеңүүчүсү ушул жылдын 25-декабрында аныкталат.

Акцияга катышуунун шарттары:

* Катышуучу акция жүргүзүлгөн убакыт аралыгында "Золотая Корона" системи аркылуу рубль, сом, доллар жана евро валюталары менен акча которуп же алышы керек.

* Которуудагы ар бир 5 миң рубль/100доллар/евро суммасындагы акча үчүн 1 балл эсептелинет.

* Балл кошуу акция жүргүзүлгөн убакыт аралыгында улантыла берет.

* Акция жүргүзүлгөн айлар аралыгында эсептелген упайлар топтолуп, эң көп упай топтогон кардар жеңүүчү деп аныкталат.

3 ай сайын берилүүчү байгелердин жеңүүчүлөрү да, баш байгенин жеңүүчүсү да акча которуулардын негизинде топтогон упайынын суммасы менен аныкталат.

Акциянын негизги байгесинин жана 3 ай сайын аныкталган жеңүүчүлөрү тууралуу маалыматтар Банктын www.bakaibank.kg веб-сайтына жарыяланат. Мындан тышкары Банктын сайтында алардын сүрөттөрү менен утуштары тууралуу жазылат.

Банк акциянын жыйынтыгын жана жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жөнүндө утуш ээлери аныкталгандан кийин 10 күн ичинде жарыялайт. Акциянын шарттары менен кененирээк "Бакай Банктын" расмий сайтынан же Банктын кеңселеринен толук маалымат алсаңыздар болот. Байланыш борбору - 6111.

"Бакай Банк" ААКсы - 19 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
Бакай Банктын "Белектер жылы" акциясына катышып, 700 миң сом утуп алыңыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан