Оор тагдыры коомчулукка жарыялангандан кийин балдарына кол салуулар, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын Алтын Отомбаева бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына билдирди.
Айтымында, Отомбаеванын Кара-Балта шаарында жашаган 2 кыз, 1 уулуна коркутуулар кечээ, 25-майда болуп, эшик-терезелерин талкалап кетишкен.
"Кечээ Кара-Балта шаарында жашаган балдарымдын үйүнө бир топ балдар келип, эшик-терезелерин талкалап, күйөө баламды сабап сала жаздаптыр. Мен бул кабарды угуп жүрөгүм ооруп, дары ичип анан өзүмө келдим. Балдарыма да жаман сөздөр айтылып, алар мага байланышка чыгып, алып кетебиз деп жатышат. Бирок барбайм деп койдум. Өздөрү батирде кыйналып жашап жатса, алардын үстүнө барып ашыкча жүк болгум келбейт. Ден соолугум да жакшы болсо мейли эле. Балдарымдын күнөөсү жок. Негизгиси неберемдин операциясына каражат таап алсак болду эле", - деди Алтын Отомбаева.
Эске салсак, кечээ, 25-майда 10 баласы туруп бузулган унаанын ичинде жалгыз жашаган Алтын Отомбаеванын тагдыры чагылдырылган. Өзүнүн айтымында, Кара-Балта шаарындагы үйү өрттөнүп кеткен.