Экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Экс-президенттин кол тийбестик макамы жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулар - Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев жана Курманкул Зулушев.

Жаңы иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамда экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү 12-берене толугу менен өзгөртүлгөн. Өзгөртүүгө ылайык, "экс-президент президент болуп турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт" деген бөлүгү толук алынып, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу Башкы прокуратуранын сунушу менен Жогорку Кеңеште добуш берүү аркылуу чечилери көрсөтүлгөн.

Эгер мурдагы президентке айып тагыла турган болсо, алдын ала изилдөө үчүн депуттатык комиссия түзүлөт. Ошондой эле айрым жеңилдиктерди экс-президенттин эң жакын адамдары болгон жубайы жана жашы жете элек балдары ала алат. Экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана саламаттыгы мамлекет тарабынан камсыз болбойт жана акысыз медициналык жардам көрсөтүү ала албайт. Мурдагы мамлекет башчы көзү өткөндөн кийин анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык унаа берилбейт.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынып кол коюла турган болсо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан