Депутат Зулушев: "Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоору бир адамды куугунтуктоого багытталган эмес"

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору каралууда. Баяндаманы депутат Курманкул Зулушев жасап жатат.

Ал депутат Ирина Карамушкинанын суроосуна жооп берип жатып бул мыйзам долбоору бир адамды куугунтуктоого багытталбаганын айтты. "Бүгүнкү күндө Конституциялык палата кол тийбестик боюнча норма Баш мыйзамга каршы келет деген чечим чыгарды. Демилгечилердин максаты бир адамды саясий куугунтуктоо эмес. Биздин максат - мыйзамды шайкеш келтирүү. Мыйзам сот алдында бардык жарандарга бирдей болушу зарыл. Бул мыйзам кабыл алынса президенттер коррупциялык иштерге аралашпай калат. Мамлекет башчылар мөөнөтү бүтөрүн ойлонушу керек", - дейт Зулушев.

Буга чейин аталган долбоор Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде 1-окууда жактырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан