Бүгүн Жогорку Кеңеште экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Парламентте аталган маселе каралып жатканда жыйынга Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары Куанбек Киргизбаев да катышты.
Депутат Жанар Акаев Конституциялык палатанын өкүлү аталган маселе боюнча парламент жыйынына катышып жатканын мыйзамсыз деп, сынга алды.
"Бул эми эртеби, кечпи Конституциялык палатага барат. Алар карайт. Сот бийлиги өзүнчө көз карандысыз болуш керек да. Конституциялык палата эми эмне деп айтат? Буларды чакырып, мындай кылганга укугубуз жок го деп ойлойм. Алар өзүнчө бийлик. Көз карандысыз. Парламентке баш ийбейт. А эмне үчүн бул жерде отурат? Булар кете бериши керек. Парламент өзүнчө талкуулай беребиз", - деди Акаев.
Ал эми мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Курманкул Зулушев Акаевдин көтөргөн маселеси туура экенин айтып, жыйынга Киргизбаев эмне үчүн чакыртылганын түшүндүрдү.
"Конституциялык палата кабыл алган чечими боюнча жооп бербейт. Бирок Конституциялык палата жөнүндөгү мыйзамдын негизинде булардан суроого Жогорку Кеңештин укугу бар. Андан сырткары октябрда аталган мыйзам долбоору боюнча эки жолу чечим чыгарышты. Ошол боюнча депутаттардын суроолору болсо жооп бериши зарыл. Ошондуктан булардын отурганы туура деп эсептейбиз. Комитет ушунун негизинде бул органды чакырган", - деди Зулушев.
Жыйында Киргизбаев аталган мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди.
"Азыркы мыйзамды карай турган болсок "экс-президент чексиз кол тийбестикке ээ" деп жазылып турат. Биз бул норма Конституцияга каршы келет деп эсептейбиз. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алдык", - деди ал.