Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды.
Депутат Евгения Строкова айрым экс-президенттер митинг уюштуруп жатканын айтты. "Президенттиктен кеткенден кийин саясий ишмердүүлүгүн башталса ошол адамдан кол тийбестик алынышы керектиги айтылган эле. Мен ушул норманын болушуна макулмун. Экс-президент эл арасында козголоң чыгарып, көпчүлүктү митингге чыгууга түрткүлөбөшү керек", - деди Строкова.
Бул боюнча депутат Асел Кодуранова "Евгения Григорьевна, КСДПнын мүчөсү болуп туруп ушундай сөздөрдү сүйлөгөнүңүз сизди жакшы жактан көрсөтпөйт. Экс-президент митингдерге үгүттөгөнү боюнча далилиңиз болсо бир жөн. Далилиңиз жок экенин мен билем" деп нааразычылыгын айтты.