Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам долбооруна анын ордуна башка бирөө добуш бергенин айтты.
"Өткөндө аталган мыйзам долбооруна менин ордума башка бирөө “макул” деп добуш берип коюптур. Мен бул мыйзамга каршымын", - дейт депутат.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште добуш берүүгө 114 депутат катталып, алардын 111и "макул", 3ү "каршы" деп добуш беришкен. "Каршы" деп добуш берген депутаттар Анвар Артыков, Исхак Масалиев жана Асел Кодуранова.
Бул мыйзам экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.