Айыл өкмөт башчы: "Тажик чек арачылары Кыргыз жеринде ок чыгарды"

Тажикстан менен чектешкен Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылында Кыргыз жана Тажик чек арачыларынын ортосунда тирешүү болуп, ок атылган. Бул тууралуу Максат айылынын айыл өкмөт башчысы Кудайберген Тажибаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Окуя кечээ, 4-июнда саат 15:00дөр чамасында катталган. Биздин айылдын 10 чакты жашоочусу бышкан мөмө-жемиштерин Кыргыз тарапка тийиштүү болгон стадионго алып барып сатышкан. Бирок Тажик тараптын аскерлери келип, аялдарды балдарды уруп, алып барган мөмө-жемиштерин саттырбай коюшкан. Окуя болгон жерге биздин жоокерлер барып, ортодо уруш чыккан. Тажик тараптын аскерлери ок чыгарган. Учурда катуу жаракат алгандар жок, бирок башы-көзү көгөрүп жеңил жаракат алгандар бар. Жаракат алгандар Тажик тараптардын аскерлери, ал эми биздин жоокерлерден жаракат алгандар жок. Окуя болгон жерге ошол замат райондун акими жана тийиштүү жетекчилер келип чыр-чатакты жөнгө салышкан. Учурда абал тынч", - деди айыл өкмөт башчы.

Эске салсак, буга чейин 3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айыл аймагында Тажик жана Кыргыз жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Бул боюнча айылдын тургуну окуя тууралуу талашка түшкөн жер кыргыздарга тийиштүү болгонун айткан.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал
Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, Тажик аскерлери барымтага алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
fantomas
2018-06-05 09:06:07
Жээнбековдун "катуу" иштеп жатканы корунуп турат...

Акмак бийликтин айынан эл кор болду го кор болду. Айласыздан тышта тентигендер кор болуп кыйналганы аздай, оз уйундо отуруп кор болуп отурат байкуш КЫРГЫЗЫМ...
+1
Bazake
2018-06-05 13:57:38
fantomas,Жээнбеков катуу талап койгону учун тажик аскерлерди кармап, колун бурап салды. Дагы кандай нерсе керек?
-5
Azatbek.Svoboda.
2018-06-05 14:58:36
Bazake,Жээнбеков айтат кылбайт досу башкарып жатат кыйын болсо досуң исаковду камабай бы спектакль койбой эч качан иштей албайт!
+3
salimbek87.kg
2018-06-05 09:17:45
Ал стадион кыргызстандын жери негизи бирок тажиктерге жакын жерде талаш жер тажик балдар футбол ойноп жүрүшөт эле эч ким ун чыкпайт болчу кыргыз балдар ойнобойт ал стадиондо себеби максат айылы жаңы конуш адам аз тактап бере албай жүрөт чоңдор
+5
salimbek87.kg
2018-06-05 09:20:27
Кече уруш талаш болду ок атылды видиосун көрдүк 2солдат бир командирин кармап алып барып койуптур кыргызстандын солдаттары кеч келип сүйлөшүп кайра чыгарып кетти.
+1
BarsBaatyr
2018-06-05 09:21:04
Биздин бийликтегилер Кыргызстандын келечегине ишенбейт го деп ойлоп кетем.Мумкун болушунча сатып-жеп,балдарын чет мамлекетке чыгарып,уурулугу билине баштаса оздору дагы качып кетип жатышат.Мына,бешинчи президентибиз келди.Чек араны чечуу боюнча кыпындай иш кылышкан жок.Эл козуно чечимиш болуп коюшат.А коншулар жыл сайын кадамдап болсо дагы жылып келатышат.Жээнбековго деле ишенбейм.Ал киши деле чечпейт го чек араны.Болбосо жарым жылдан отту ишке киришкенине.Чечмек тугул жарытылуу суйлошуу болбоду
+11
BarsBaatyr
2018-06-05 09:36:22
Ал эми депутаттарыбызга болсо соз жок. Алар дагы байлык топтоп четке кетишти гана каалап турушат.Мамлекет,эл деген нерсе кызыктырбайт аларды.Кээде (упай керек болгондо)калп эле эл козуно маселе которумуш болуп БАЛП деп коюшат.Кечээ эле Атамбаевдин ХХХХХХХХ бугун Жээнбековдун ХХХХХХХ калышты.Эртен башкасы келсе эч тартынбастан анын дагы ХХХХХХХХ Буларга баары бир. ХХХХХХХХХХХ
+7
admin_superstan
2018-06-05 10:20:41
BarsBaatyr, этика нормаларын сактаңыз!
-5
Bazake
2018-06-05 13:58:36
admin_superstan,Жээнбеков катуу турганы учун ушундай иштер болуп жатат. Атамбаевдин убагында тажик менен озбектер Кыргызстанга кирип эле атып, аскерлерди алып кетип жатты го
+1
BarsBaatyr
2018-06-05 15:34:41
admin_superstan,жанын кашайганда жазасын да.Ушулардын айынан омурубуз талаада отуп жатат.Онолобуз деген умутубуз жыл откон сайын сууп баратат.Бир чекесин корбогон карыздарды эртен биз болбосок балдарыбыз тологонго мажбур болушат.Озубуз жакшылыктуу кун корбосок,жок дегенде балдарыбызга жарытылуу билим бере албасак.А биздин бийликтеги иттерге эмне,каалаган маалында каалаган мамлекетке качып кетип,элден уурдаган акчаларына жыргап-куунап жашай беришет.
+2
Milduri
2018-06-05 09:42:30
Кыргызстандын борборун 5-10 жыл ичинде Ошко же Баткенге көчүрбөсө тажиктердин кысымы, басымы барган сайын күчөп атат. Бийликтин Баткен аймагына болгон көңүл кош мамилеси тажиктердин күч алышына шарт түзүп атат. Мындайда тажиктер акырындык менен жылып отуруп Баткенди толук ээлеп алышы мүмкүн. Ошондуктан кыргыз эли мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактайлы десек Борборду Ошко же Баткенге көчүрүшүбүз керек. Казакстан деле түндүктөгү жерлерин жакшы караш үчүн борборун Алматыдан Астанага көчүрдүго.
+9
Dalil
2018-06-05 09:48:08
Тажик тарап кыргыздын жеринде ок чыгарса бул ачык эле үстөмдүк кыла баштагандыгынан кабар берет. Сөз кыскасы биздин бийлик, жана күч органдары кандай экениңерди көрсөтүп отурасыңар. Тажиктин чегинде биздин аскерлер ок чыгарганда алар биздикилерди аяп коймок эмес. Ушул жыйынтыгы жок сүйлөшүүңөр менен нотаңар бүтпөдү силердин. Жерди саткан болсоңор ачык эле айтып койгула эгер сатпай тажиктер кирип жаткан болсо чечкиндүү бир кадамга баргыла да кореуп отура бербей
+4
jbolotov
2018-06-05 10:23:13
Армияны которбосок Кыргызстанды 10 аскерда тоготбой калды. Тажикстан СНГ мамлекеттеринин эн алсызы эле эми ошолда Кыргызстанды тоготбосо кирчу жерибизге кирип калган экенбизда. Атамбаев Отунбаева Акаев Кулов жана премьерлерин кошо чыккынчылык беренеси менен жоопко тартылыш керек, каалашынча мамлекетти сатышты, жешти.
+7
Altysh_Boldush
2018-06-05 10:33:52
Жээнбековда иштеп кыйратпайт окшойт. Эх кыргызым качан онолобуз???
+6
Dembele84
2018-06-05 10:56:53
Кайран кыргызым,эми тажиктер эле калды эле бизди тоготпогон (((
+5
Okunboim.
2018-06-05 12:37:05
Кыска созум , бийлике эл шайлоодо гана керек!!
+1
Jango
2018-06-05 13:10:56
Биздин эрежесиз эр уруш да машыгып чепмион болуп жургон жигиттерге айтат эле ушул границага барып эки уч кун мастер класс отсонор жакшы болот беле себеби ал жерде жалан армияга жаны барган жаш балдар служба кылышат силерден коп нерсени уйронуп алат беле
+2
jalguzum
2018-06-05 13:40:37
Кыргызстанга мыйзамсыз кирдиби сразу эскертүүсүз ХХХХХХХХ
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан