6-июнда Бишкек шаарынын борбордук аянтында миңден ашык адамдын катышуусу менен “Биз, жаштар – кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз” деген аталыштагы флешмоб болуп өттү.
Ага катышкан студенттер колдоруна “Биз кыз ала качууга каршыбыз”, “Ала качуу салт эмес, кылмыш”, “Ар бир кыз бактылуу болууга укуктуу” деген жазууларды кармап чыгышкан. Алар жаштар кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршы экенин билдиришти. Андан сырткары коомчулукка жана ата-энелерге кайрылып, кыз ала качууга тыюу салууга, кыздарды кыйнап эрте турмушка бербөөгө чакырышты.
Аталган иш-чараны колдоп өлкөнүн акыйкатчысы Кубат Оторбаев, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Айсулуу Мамашова ошондой эле эстрада ырчылары, жана бир катар жарандык активисттер келишкен.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, аталган иш-чара борбор калаада эле өтүү менен чектелбей, өлкөнүн башка аймактарына да жайылтылат.
“Бурулай Турдали кызынын окуясынан кийин бир катар окуу жайлардын студенттери “Кыз ала качууга каршы” акция өткөрөлү деген сунуш менен бизге жана Жаштар иштери боюнча агенттикке кайрылышты. Биз муну колдоп уюштурууга салым кошуп, ушул жерге келип отурабыз. Мындагы негизги максат - жаштардын эрте турмуш курууга каршы болгон өзүнүн көз караштарын тартынбай билдирүүсү. Ал эми бүгүнкү өтүп жаткан иш-чара башталышы гана, мындан ары өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт".
Акыйкатчы Кубат Оторбаев жылына өлкө боюнча 7 миңге жакын жаш үй-бүлө ала качуу жолу менен куруларын айтып, Бурулайдын окуясы мамлекеттик органдардагы реформанын жоктугунан кабар бере тургандыгын кошумчалады.
“Бурулай Турдали кызынын каза болушу жалпы мамлекеттик органдар, анын ичинен Ички иштер министрлигиндеги деградациядан жана реформанын жок экендигинен кабар берет. Адам укугун коргоо үчүн мамлекеттик мекемеге кайрылып, бирок ошол мекеменин ичинен каза болушу эң эле жаман окуя. Статистика боюнча, бир жылда өлкө боюнча 45 миңден 50 миңге чейин жаш үй-бүлө курулат. Алардын 5 миңден 7 миңге чейинкиси ала качуу жолу менен, башкача айтканда, зордоо аркылуу курулат. Айрым адамдар муну кыргыздын салты катары карашат, бул туура эмес түшүнүк. Бул жапайычылык, зөөкүрлүк”, - деди акыйкатчы.
Акцияга Бишкек гуманитардык университетинен келген Асел Шаадатова кыз ала качуу боюнча өз пикирин билдирип, буларды айтты.
“Кыз ала качуу - көйгөйлүү маселелердин бири. Эгер биз башка өлкө менен өзүбүздү салыштыра турган болсок, ушуга окшогон маселелер менен артта экенибизди көрсөтүп атабыз. Кыз ала качуу - ,бул адамга кол салуу, кылмыш. Ошон үчүн бул жерде көптөгөн жаштар чогулуудабыз”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Айсулуу Мамашова дагы акцияны колдоо максатында аянтка келишти. Алар жаштарды өз укуктарын коргоого, коомдогу жапайы көүнүштөрдү токтотуу үчүн салым салым кошууга чакырышты
“Урматтуу кыздар, кымбаттууларым, мен сиздерден суранат элем. Баарыңар өзүңөрдү өстүрүү менен алектенгиле, өнүккүлө, ийгиликке жетмейинче токтобогула. Биз, парламенттеги жаш депутаттар, бул боюнча жаңы мыйзамдарды жазуу үчүн демилге кылабыз. Биздин жигиттерге кайрылат элем, кыздарды сыйлагыла, аларга кам көргүлө. Аялзатын бактылуу кылуу силердин колуңарда”, - деди Айсулуу Мамашова.
Жанар Акаев аялдардын укугун коргоодо эркектердин ролу абдан чоң экенин айтып, аялдар укуктарын өздөрү коргоп алат деген туура эмес экенин билдирди.
"Кыргыз коомунда аялдарга болгон мамилени өзгөртүүгө убакыт келип жетти. Мындан ары аялдарды кордоо, кыздарды ала качуу, аларга зомбулук көрсөтүү болбош керек. Бурулайдын окуясы баарыбыздын кабыргабызды кайыштырды. Ала качуу кылмыш, жапайычылык экенин жалпыбыз түшүнүп, муну токтотууга баарыбыз салым кошушубуз керек. Өлкөдөгү терс көрүнүштөрдү бир гана чоңдор эмес, жалпыбыз өзгөртөбүз. Мен баарыңарды ошого чакырат элем", - деди Акаев.
Иш-чара "Enactus-Кыргыз өлкөсү" уюму тарабынан Билим берүү жана илим министрлиги менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу астында уюштурулду.