Райондук сот Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин карайт

Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралат. Акыркы сот иши 4-июнда улантылып, анда президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү жолдон өткөндөрдү көзөмөлдөп турган укук коргоо органдарынын кызматкерлери көрсөтмө беришкен. Бирок айрым күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу сот отурумду жылдырууну чечкен.

Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан