"Мыйзамсыз байыды" делген Дүйшөнбек Зилалиевдин иши сотко өттү

"Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча шектелген Дүйшөнбек Зилалиевдин кылмыш ишин тергөө соңуна чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү материалдар Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Зилалиев 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдардагы түрдүү кызматтарды ээлеп, баасы анын расмий кирешесинен жогору мүлктөрдү сатып алган деп айыпталууда. Белгиленген 7 жыл ичинде ал Коргоо кеңешинин катчылыгынын катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы, вице-премьер-министр жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтарын ээлеген.

Зилалиев 2-апрелде жасаган кайрылуусунда ага экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү сунушу түшкөнүн айткан. "Эгер ушундай көрсөтмө берсем, мен күбө катары суралып, УКМКнын тергөө абагынан бошотуларымды убадалашты" деген мурдагы вице-премьер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан