Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралды. Анда президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү шаардагы абалды көзөмөлдөп, Зилалиевдин окуясына күбө болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери көрсөтмө беришти.
СОБР кызматкери Бекжан Шаадатов төмөнкүнү айтты.
"06:30 чамасында бизди катарга тизип, Манас кең көчөсүндө жолдон өткөндөрдү көзөмөлдөп турууга буйрук берилген. Мен турган жерде курсант кыз келип "Азыр бомба жарылат деп айтты" деди. Унаа тууралуу чоң кара жип деди. Ал эми унаада канча киши болгонун айткан жок. Андан кийин мен УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкерлерине кабарладым. Андан соң көптөгөн адамдар келип текшерди. Мен ал учурду көргөн эмесмин. Бирок ал күнү унаалардын тыгындары болгон. Мен унааны көргөн эмесмин, болгону кыздын гана сөзү менен айтып жатам. Мен ошол учурда кыздын өзү менен сүйлөшкөм", - дейт Шаадатов.
ИИМдин кызматкери Мирлан Искенбаев көрсөтмө берип жатып Дүйшөнбек Зилалиевди тааныбай турганын айтты.
"Адаттагыдай ИИМдин буйругу менен биз кинологдор менен жолдон өткөндөрдү көзөмөлдөп турууга чыктык. Экиден кинологдорду ар кайсы аймактарга бөлдү. Биз Манас кең көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүн көзөмөлдөп турганбыз. Курсант кыз "унаа келди, бир байке чыгып азыр бомба жарылат" деди. Биз ошол күнү ал жерде таңкы саат 07:00дөн баштап турганбыз", - дейт Искенбаев.
ИИМдин академиясынын кызматкери Азамат Кушчубеков төмөнкүдөй көрсөтмө берди.
"24-ноябрда бизге берилген буйрукка ылайык, биз Манас жана Москва көчөлөрүнүн кесилишине коомдук тартипти сактоо үчүн жумушка чыкканбыз. Ошол күнү болжол менен саат 09:20 чамасында курсант келип "азыр бомба жарылат деди" деген. Андан кийин Ленин районунун ИИБинин тергөө кызматкерлери келди. Курсант кыз "Унаа Манас көчөсү менен ылдыйды көздөй кетти" деген. Андан кийин болжол менен 15-20дай ыкчам тергөө кызматкерлери келип, саат бирге чейин сурак жүргүзүштү", - дейт Кушчубеков.
Соттук отурум 18-июнда саат 14:00дө улана турган болду. Анда айыпталуучу Дүйшөнбек Зилалиев өзү көрсөтмө бермекчи.
Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.