Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын элесине арналган кыска метраждуу тасма жарык көрдү

Милиция бөлүмүндө ала качкан жигит тарабынан бычакталган 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын элесине арналган кыска метраждуу "Ала качуу" тасмасы жарык көрдү. Тасманын режиссёру жана автору - Азим Азимов. Режиссёрдун айтымында, ал буга чейин эле ала качуу тууралуу тасма тартууну пландаган.

"Ала качууда мени ойго салган бир эпизод бар. Тагыраагы, каалоосу болбой, отурбайм деген кыздын жолун улгайып калган апа тосуп, босогого жатып алып "мени аттап өтсөң, тескери батам тиет" деп тоскоол болгону. Ушул учурда психологиялык жана физикалык коркунуч кызды курчап алат. Жадакалса ата-энеси менен да сүйлөштүрбөйт. Ала качуудагы эң катуу сокку - тескери бата. Кыздар ушул нерседен улам жоолук салынып калышат", - дейт Азимов.

Ошондой эле режиссёр тасма тартылып, монтаждалып, көрсөтүүгө даяр болуп калганда Бурулайдын трагедиясы орун алганын, мындан улам тасма ала качуунун курмандыгы болгон 20 жаштагы Бурулайдын элесине арналганын кошумчалады.

Эске салсак, 27-май күнү Бишкекте 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кеткен жаран ага бычак сайган. Кыз алган жаракатынан улам каза болгон.

Көздөн жаш агызган ...
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abdusamat.kg
2018-06-09 00:48:50
Кино эң соонун
+3
Gsuita
2018-06-09 09:59:35
Аябай сонун тартылыптыр,азаматтар.
+1
Zainidin96
2018-06-09 12:47:06
Ийгилик
0
Kanzada97
2018-06-09 19:29:56
Соонун кино экен. Журок тушуп кордумго
+1
a.sheralievic.91
2018-06-09 20:13:09
Эң соонун, Баатыр байке азамат ,чын эле баатыр экен!!! респект!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан