Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум Свердлов райондук сотунда каралат. Бүгүн, 10-декабрда боло турган соттук отурумда эки тарап жарыш сөзгө чыгат. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу билдирди.
Буга чейин сотто 32 күбөнүн 20дан ашыгы суралып бүткөн.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.
Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.