Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум: Жабырлануучу тарап айыпталуучу тараптан 2 миллион сом талап кылды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча соттук отурум өттү. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Эсения Рамазанова маркумдун ата-энеси короткон моралдык жана материалдык чыгым үчүн 2 миллион сом айыпталуучу тарапка төлөтүп берүүсүн соттон сурады.

"Бул сумманы кыздын ата-энеси Бурулайдын сөөгүн жерге берүүдө аза каадасына короткон", - деди жактоочу. Буга айыпталуучу тараптын жактоочусу "бул сумманы төлөө үчүн бодо мал жана андан тышкары керектелген азык-түлүктү сатып алгандагы чектерди алып келгиле", - деди.

Ага жабырлануучунун жактоочусу "Бардык алынган азык-түлүк, бодо малдын чектерин сактап койгондой ал жерде той болгон эмес да. Ал учурда кызынан айрылып турган ата-эненин бул иштерди ойлогонго чамасы да болгон эмес", - деп жооп берди.

Соттук отурум 17-18-октябрь күндөрү уланмай болду. Анда окуянын күбөлөрү суралат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
yrmat88
2018-10-09 17:22:13
Озунордун бир тууганынарды олтуруп кетсе коробуз. Калп эле сынчы болуп акча эле керек экен деп отурасынар. Ошол акчаны силерге карматса унчукпай гана алып коймоксунар. Биринчи Озунорго сынчы болгула.
-15
Suzak12
2018-10-09 17:27:14
Менин ойумча кызынын олумуно озу эле куноолу ото бети жок адам экен.
+12
Baku88
2018-10-09 17:32:58
Бала деле өлтүрүп коёюн деп алып качпаса керек эле
+9
bond02
2018-10-09 17:40:48
Аа бул кишинин коздогону башка турбайбы корсо.
+12
adiaza
2018-10-09 17:53:28
Ушул жерден атасы аябай ката кетириптир кызы учун акча дебей турса болмок экен чыгымы деп, атасы акча учун курошуп аткандай болуп калыптыр жон эле моралдык чыгым деп эле коюшса болмок
+8
tumann.
2018-10-09 17:54:50
Эхх акча акча. Эмнелерге гана алып барбай атасын
+9
Matahara1980
2018-10-09 18:00:58
Ага эмнеге анча тан каласынар, асмандан тушконсуп, компенсация сураса эмне болуптур, анын кызы олуп ататтда , силердики эмес
-10
wirintai27
2018-10-09 18:02:30
2 млн сом алса кызы тирилип кетмек беле. Канчалык куйсо кундо КУРАН окуп багыштап койсун, откон адамдарга жардамыбыз ошол.
+6
Kgda
2018-10-09 18:12:19
Туура эле бул киши алтынга алмашкыс кызынан ажырап олтурат, 2 млн эмес 10 млн берсе да аз, адамдын омурун алып атпайбы, жон жерден кызынан айрылса ананда чыгымга учураса анан не кылсын. Милициялар менен адилетуулук учун курошуп атат, а бала жактан акча таларп кылды. Же болбосо ошол балада олуп берсин чырактай кыздын жанын алганга себепкер болуп олтурат.
-7
Baku88
2018-10-09 20:18:08
Kgda, эгер кызды олтурбой майып кылып же болбосо ооруп өзүнө келбей
больница да жатса анда акча сураса жарашат кыз өлдү өлтүргөн адам жазага тартылсын деп чыгып кетсе болмок кызымды клмгонго кеткен чыгымды төлөп берсин дебей
+4
Modric10
2018-10-09 18:47:28
бурулай не болуп олгон эле. жайы менен ушу жанылык надаел
-4
Bahabrat79
2018-10-10 03:00:33
Modric10, Бала бала жолунда эле журсо экен. Чондордун созуно аралашпай. Чык эшике
+3
Baku88
2018-10-09 20:21:07
Биз ойлогонбуз акыйкаттык издеп кызын улам улам комдуруп каздырып байкуш деп көрсө коксогону башка тура анда тосмо арыз жазып баланы бошотсун
+2
sabirdinovich
2018-10-09 21:39:47
Жаза катары кылмышкерди өлүм жазасына тартуу керек эле. Азыр кунун төлөтүп алгыдай мамлекет күчтүү эмес, эгер андай болгондо 100 төөнүн баасына тең акчаны жакындарынан болсо да өөнөп алса болот эле. Ал сумма бери дегенде эле 10 миллион сом болот эле.
+1
barsbekkagan
2018-10-10 00:55:45
Бул жерде адвокат юридикалык жоопкерчиликти эске алып моралдык компенсация сурап жатат,Буралайдын жакындарына жана айыпталуучуларга сабыр тилейли.
-3
Frunze2
2018-10-10 01:35:03
barsbekkagan, айыпталуучулар татыктуу жазасын алса, ошол главный компенсация, б.а. утешение. Моралдык компенсация сураган менен кызы тирилип келбейт. Анын устуно айыпталуучу камалып дагы, 2 миллион дагы толоосу кумон. Экоонун бири. Же камалышы керек, же акча бериши керек. Кеп акчага барып такалса, уят эле, маркумдун жакындарына.....
+4
Bahabrat79
2018-10-10 02:56:16
Жакшы сунуш же талап. Корот элем озунор ушинтип кызынардан айрылганынарда. Ал кокустан олтуруп алган жок. Атайын олтурду, болгондо да Мыкаачылык менен олтурду !!! Ата эне кан жутуп турат. 2000000 эмес 10000000 сурасада аздык кылат. Бироонун чырактай кызын олтуруп оной кутулуп кетем деп атабы. Бала тарапка азыр 2000000дон коро турмого отурган жагып турат.
-1
Pamirlan
2018-10-10 21:00:25
Муну соттор эптеп ишти жабайын деп жатышат, 2 миллионду соттор чыгарды, чындык жок бизде,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан