Аламүдүн райондук сотунда каралып жаткан Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум 9-апрелге жылдырылды.
"Кийинки отурумда акыркы сөз сүйлөнүп, чечим чыгат" деди судья.
Буга чейин соттук отурумда жарыш сөз сүйлөнүп, мамлекеттик айыптоочу 5 милиция кызматкерин 5 жылдан эркинен ажыратып, сот залында камакка алууну суранган.
Ал эми айыпталуучулардын жактоочулары бул иш жаңы мыйзам менен каралышын айтып, судьядан объективдүү чечим чыгарууну өтүнгөн.
Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкерине 316-берене "шалаакылык" боюнча иш козголгон. Алар Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев, Чүй ОИИББи боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүлөрү З.Байтереков жана З.Айткожоев, Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Э.Кадышев.