Бишкек шаардык соту Марс Бөдөшовдун жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык соту Марс Бөдөшовдун жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу тараптын адвокаты Есения Рамазанова кабарлады.

"Шаардык сооттун чечими кечээ, 27-февралда чыкты. Бөдөшовго "адам өлтүрүү" беренеси боюнча максималдуу 15 жыл берилип, "ала качуу" беренеси боюнча дагы белгилүү мөөнөт кошулду. Жалпы жонунан Бөдөшов 20 жылга, анын досу Акмат Сеитов 7 жылга эркинен ажыратылып, Свердлов райондук сотунун чечими өзгөрүүсүз калды", - деди Рамазанова.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
barakcha
2019-02-28 15:07:48
Турдали эми ыраазы болду бекен?
0
newman
2019-02-28 20:49:02
Досун кор кылдың Турдали
0
nurbek11
2019-02-28 21:53:02
Кызын акчалуу балага берем деп кызынан ажырап бей куноо 2 баланы турмого тыгып жаны тынды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан