Лейлек районунда 9-июнь күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, унаа жолдорго кум-шагыл толуп, үйлөрдү суу каптаган. Райондун акими Баймурат Бекмуратов учурда кандай иштер аткарылып жатканын жана кырсыктын кесепети боюнча SUPER.KG'ге айтып берди. Анын айтымында, жалпы 12 үй жана бир бала бакча чоң зыянга учураган.
"Кечээтен бери тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамынан жоокерлер келип, сел жүргөн айылдардын тургундары тартылып селдин кесепетин жоюу иштерин улантып жатабыз. Сел Сумбула, Тогуз-Булак, Лейлек жана Катраң айыл өкмөттөрүндө жүргөн. Бирок Лейлек жана Катраң айыл өкмөттөрү чоң зыянга учураган. Учурда Катраң айыл өкмөтүндө тактоо иштерин жүргүзүп, эми Лейлек айыл өкмөтүнө келдик. Бизге белгилүү болгондой, жалпы 12 үй жана бир бала бакча өтө чоң зыянга учураптыр. Андан сырткары тактала элек маалымат боюнча сел эки чарбалык көпүрө менен эки уйду агызып кетсе, 9 чакырым ички чарбалык жол талкаланган", - деди район акими.