MegaCom "Элдик S/M/L" жана "Элдик S/M/L + TV" топтомдорунун жаңы түркүмдөрүн сунуштайт

MegaCom компаниясы өз ичине чектөөсүз түнкү интернетти, күндүзгү интернеттин болуп көрбөгөндөй көлөмүн жана да ар бир топтомго киргизилген түйүндөн тышкары мүнөттөрдү камтыган "Элдик S/M/L" жана "Элдик S/M/L + TV" топтомдорунун жаңы түркүмдөрүн сунуштайт. Компания адистери ыңгайлуу топтомдорду иштеп чыгууда, албетте, мега-түйүндүн абоненттеринин мүдөөлөрүн эске алышты. Ар бир абонент өзү каалаган топтомун тандап алса болот.

«Элдик S/M/L» топтомдору:

Эгерде сиз интернеттин абдан жигердүү колдонуучусу болсоңуз жана да мобилдик телеберүүнү көрүүнү жактырсаңыз, анда төмөндөгү "Элдик S/M/L + TV" топтомдорунун бирин тандап алсаңыз жаңылбайсыз:

MegaCom тарабынан ишке киргизилген ыңгайлуу акция жаңы топтомдор түркүмдөрүн кошуудагы жагымдуу бонус болуп саналат. Эми негизги тарифке киргизилген интернеттин мегабайттары сарпталгандан кийин абоненттер кам санабай эле коюшса болот. Алар акциянын алкагында түйүндөн тышкары мүнөттөрдү мобилдик 4G-интернетке АКЫСЫЗ алмаштыра алышат. Бул үчүн *678*678*Y#чалуу USSD-буйруусун терүү, <678*Y> же <678#Y> тексти менен 678 номуруна SMS жөнөтүү жетиштүү, бул жерде Y – түйүндөн тышкары мүнөттөрдүн саны (5ке калдыксыз бөлүнө турган).

Алмаштыруу курсу: түйүндөн тышкары 5 мүнөт = 4G түйүнүндө 1 Гб .
Сунуш менен колдонуп калууга жетишиңиз – акциянын аракет мөөнөтү 2018-жылдын 10-июлуна чейин.
Жаңы топтомдор түркүмү жана акция тууралуу толугураак маалымат megacom.kg расмий сайтында жайгаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
interpol
2018-06-12 13:17:22
Бизде 3ж болгону менен интернеттин ылдамдыгы аябай төмөн, ташбакадай кыбырайт. Билайнда 2ж эле тартат бирок мегакомдун 3ж сынан күчтүү. Ылдамдыкты жакшыртса болмок эле бир канча жолу адиске кайрылгам бирок дале начар
+2
MegaComHelp
2018-06-12 17:47:25
interpol, кутмандуу күнүңүз менен!
MegaCom компаниясы 3G аны менен бирге 4G түйүнүн кеңейтүүгө бардык аракетин жумшоодо. Себеби биз үчүн да бардык облустарды сапаттуу байланыш кызматтары менен камсыз кылуу өтө маанилүү. Сиздин аймакта 4G түйүнү ишке киргизилгендиги тууралуу сөзсүз түрдө маалымдайбыз.Жоопту түшүнүү менен кабыл аласыз деген ойдобуз.

Урматтоо менен,
MegaCom компаниясы.
-1
gugu2727
2018-06-12 21:25:12
MegaComHelp,ассалом алекум мега ком кара суу району лангар деген айылга дагы 4ж караштырсанар жакшы болот эле уч айылды камтыйт эгер койсонор 3ж койулган бирок ылдамдык ото томон
0
akyn
2018-06-12 15:08:01
Мегакомду сатпайле иштеттуу керек. Ашага окшоп сатам деп чыкпагыла даагы! !!!
0
Kg.paren
2018-06-12 15:15:48
жон еле бере бергиледа эми акчасын тологондон кийин ме кандай иштетсен ошондой иштет деп 3ж 4ж тунку деп болбой жумасына 15гигабайт берсенер акчасын тологондон кийин каалагандай иштетсек болбойбу менин телим 4ж колдобойт мисалы калганын кантип иштетем
+1
MegaComHelp
2018-06-12 17:40:09
Kg.paren, саламатсызбы!
Компания адистери ыңгайлуу топтомдорду иштеп чыгууда, албетте, мега-түйүндүн абоненттеринин мүдөөлөрүн эске алышты. Ар бир абонент өзү каалаган топтомун тандап алса болот. Эгерде интернет менен көп колдонсоңуз «Элдик S/M/L + TV» топтомдорун сунуштайбыз.

Урматтоо менен,
MegaCom компаниясы.
-1
Globus77
2018-06-12 17:53:57
4G иштетсеңер интернет эң жакшы иштейт,
+1
aman0296
2018-06-12 19:22:32
Тв жок эле интернет барбы мегакомдун? Канча сом
0
barsbegKG
2018-06-13 04:54:16
70сом 105сом 145сом
115сом 165сом 195сом анан 2ж 3ж 4ж үчүн өзүнчө 8:00дөн 00:59:00гө чейин мындай ой шумдуууук ой ТОООООБО Ушунча майдалабай айына 400сом же 500сом же 600сом деп койгула да өзүңөрдүн да элдин да башын оорутпай. Кудай сакта МЕКЕНге барсаң ушундай бардакстан Азыр Москвадамын андай баш оору жок айына бир жолу төлөйсүң. Айына эсептеп чыгып ыңгайлуу тарифтик план чыгаргылачы сураныч, садагаң кетейиндер, айланайындар, майдалай бербегилечи. Дагы бир жолу суранам. Майдалай бербегилеч
+3
barsbegKG
2018-06-13 05:02:34
Чын окуп алып кыйналасың. Биздин паспортторду да ушинтип бөлүп салган. Айына эсептелген тарифтик план чыгаргылачы сураныч
0
Aikaaaa
2018-06-14 01:30:55
barsbegKG,айына эсептелген "хайп" деген тариф жаңы чыкты го. Бирок түнкү гигабайт колдонулбайт деле экен. Ошону азайтып, күндүзгүгө бөлүп койсо жакшы болот эле
0
abon
2018-06-13 08:31:34
мегаком ылдамго бирок кымбат анан аз мегабайт беретда, а так баары интернетке мегаком колдонмок
0
Adil88
2018-06-13 10:18:02
abon,туптура айтасыз кошулам сизге
0
jaskaaa
2018-06-15 10:43:12
abon, Азыр Ошка жакшыраак болтат Мегакомго Билайнга караганда.
0
Aznazalai
2018-06-13 09:00:19
Тунку интернетти эч ким иштетпейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан