АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдүн жанында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.
Трамптын айтымында, АКШ делегациясы Кытайга барып, өлкө башчысы Си Цзиньпин менен жолугат. Ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
“Биз көп нерсеге жетишүүгө мүмкүнчүлүк алабыз”, - деген Трамп.
Белгилей кетсек, 18–19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Буга чейин Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков саммиттин алкагында Владимир Путин менен Дональд Трамптын өзүнчө жолугушуусу даярдалып жатканын билдирген.