Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын башкы планын иштеп чыгуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Жыйынга Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Тилек Кадыкеев, Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Анда башкы планды иштеп чыгуу боюнча алдын ала материалдар сунушталып, долбоорлоо иштеринин кийинки багыттары жана милдеттери талкууланды.

Ошондой эле жакынкы күндөрү департаменттин адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык кызматтар менен биргеликте жеринде иш алып барат.

Бул иштер шаардын учурдагы абалын изилдөөгө, шаар куруу боюнча маалыматтарды тактоого жана башкы планды даярдоо үчүн зарыл материалдарды топтоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан