Балаңызга сарсанаа болуп жатасызбы? Же, балким, карыган ата-энелериңиз жөнүндө кам санап жаткандырсыз?
"Балдар кайда?" кызматын кошуңуз – жана сиз балдарыңыздын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн турган жерлерин билип турасыз.
Кошуп алыңыз жана 10 күн акысыз колдонууга ээ болуңуз!
Издөөнү кантип баштоо керек?
*7898*8# "чакыруу" буйрутмасын терүү менен издеп жаткан кишинин анын турган ордун аныктоо макулдугун алуу үчүн анын телефон номерин киргизүү гана жетиштүү. Ал 7898 номеринен келе турган SMS билдирүүгө телефон номерин жазуу менен жооп бериши керек. Андан кийин анын турган ордун алдын ала тастыктоосу жок эле аныктай бересиз.
"Ата-энелер үчүн балдарынын кайда жүргөндүгүн билүү маанилүү. Бул балдардын тынчтыгын жана коопсуздугун камсыздайт. Бүгүн бул өзгөчө актуалдуу – каникул убагы, балдар көбүнчө сыртта болушат. "Балдар кайда?" кызматынын атына карабастан, ата-энелерине, чоң ата жана чоң энелерине сарсанаа болгондор үчүн да актуалдуу болуп саналат, анткени алардын кайда экенин тез эле билип алууга болот. Кызмат максималдуу түрдө түшүнүктүү, колдонууда абдан жөнөкөй жана жакын адамдарыңыз үчүн тынч болушуңуздар үчүн бул кызматты түзүп чыктык", - деп маалымат берди О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Бул жөнөкөй
Автоматтык кабарлама режимин ырастап алыңыз жана сиз кандайдыр бир буйрутмаларды терип убара болбойсуз. Белгиленген күндө жана саатта сиз жакындарыңыздын турган орду тууралуу маалыматты автоматтык түрдө алып турасыз.
Бул коопсуз жана ишенимдүү
"Балдар кайда?" кызматынын жардамы менен алынган үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн координаттары тууралуу маалымат жашыруун болуп саналат, бул маалымат сизге гана жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, эгер бала шаарда адашып калса, *7898*1# буйрутмасын терүү менен саналуу секундалардын ичинде бул жөнүндө кабарлай алат жана кызмат телефонунда ырасталган ата-эне баланын турган жеринин дарегин дароо ала алат. Болгону бул буйрутманы "тез терүүгө" сактап коюңуз да, балаңызга бул опцияны колдонууну үйрөтүп коюңуз.
Маанилүү
Кызматты пайдалануу үчүн О! мобилдик операторунун SIM-картасы бар эң жөнөкөй мобилдик телефон жетиштүү.
Координаттары менен картаны карап чыгууда интернет-трафик тарифтештирилбейт. Кызмат Кыргызстандын О! түйүнү кеңири камтыган бардык аймагында иштейт. Толук нускама www.o.kg сайтында жеткиликтүү.
О! Мобилдик операторунун "Балдар кайда?" кызматы менен өз жакындарыңыз үчүн кам санабайсыз.