Москва шаарынын полициясына автоунаасы менен топтошкон адамдарды сүзүп кеткен Кыргыз жараны сурак берди. Бул тууралуу видео жарыяланды.
Анда жол кырсыгына шектелген 28 жаштагы Ч.А. 2-3 саат гана уктап, 20 сааттан бери тынымсыз унаа айдап жүргөнүн айтты. Ал газ менен тормозду алмаштырып алып топтошкон адамдарды сүзүп кеткенин билдирди.
"Мен Орусияда эч убакта эреже бузган эмесмин. Документтеримдин баары жайында. Жумушта дагы бардыгы мени сыйлашат", - деп айтат айдоочу.
Ал Москвада унаа айдап жүргөнүнө 1 ай болгонун билдирди.
Учурда жол кырсыгы боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Эске салсак, кечээ, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон.