Биз социалдык тармакта

"Ош базарындагы" милиция кызматкери менен кайыр сурап отурган жарандардын ортосунда уруш чыкты

Интернетте "Ош базарында" милиция кызматкерлери менен кайыр сурап отурган адамдардын урушуп жаткандыгы боюнча видео тарады. Бул видео боюнча Бишкек ШИИББи буларды билдирди.

Борбордогу тургундар жана айдоочулар көчөдө кайыр сурап отурган адамдарга даттанууларын айтып, Бишкек ШИИББине кайрылган. Кайрылууда кайыр сурап отурган адамдар көп учурда жол кырсыктарынын жана ар кандай укук бузуу окуяларынын курмандыктарына айланып жатканын айтышып, тийиштүү түрдө коопсуздугун камсыз кылуу керек экенин билдиришкен.

"16-июнда "Ош базарында" келип түшкөн арыздар боюнча рейд жүргүзүлдү. Мындан улам 14 адам Ленин РИИБине жеткирилди. Аларга тийиштүү органдар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң үйлөрүнө жөнөтүлдү. Ал эми милиция кызматкерине орой мамиле кылган жаранга учурда Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.

Ош базардагы ызы-чуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aiba.8327
2018-06-18 10:56:44
Биздин милициянын алсыздыгы лолулор басып кеттиго вроде Ош базарды....
+5
aiba.8327
2018-06-18 10:58:44
Пропискасы жок озбектерди кимдер козомолдойт деги жаны конуштарда жайнап кеттиго чиркин ...
+9
tttalant
2018-06-18 11:57:09
Мммм деп айткан башка айла жок....
+1
Sezim.A
2018-06-18 15:45:58
Келип келип ушул эжеге алынар жеттиби,бул эженин баласы инвалид экен го коруп туруп эжени суйроп жатасынар да.Тообо кылдым эч кимдин башына салбасын мындай кунду.Эже ыйлабаныз бул кундор да отор кетет.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан