super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Суу шаарында 288 үй-бүлө бир даараткана колдонот" дейт окурман

 

"Ош облусундагы Кара-Суу шаарында Юбилейлик деп аталган кичи район бар. Бул аймактагы элдин жылдап-жылдап чечилбей келе жаткан көйгөйү бар", - деп окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.

Анын айтымында, аталган аймакта көп кабаттуу 6 үй, ар биринде 48 батир бар. Бирок даараткана бирөө гана.

"Ошондо 288 үй-бүлө болуп жатат. Баарына жалгыз ажаткана болмок беле, албетте, болбойт. Андагы жытка адам чыдабайт, шамал болгондо бүтүндөй аймакты каптап кетет. Жашоочулар бир нече жолу мэрияга кайрылганыбыз менен майнап чыккан жок, ушул көйгөйдөн улам кварталдык комитеттер да турбай, жумушунан баш тартышат. Буга чейин Кара-Сууда даараткана урап кеткен окуя катталган, бул жолу да ошол окуя кайталанбасын десек, алдын алуу зарыл.

Мындан тышкары жалпы тургундар бир эле кран аркылуу суу алат. Ал крандын сууну бурап өчүргөн жери жок, суу агып тура берип, кээде аймакты каптайт. Даараткана чөгүп баратат, суу кирип кетеби деп чочулайбыз. Ушундай көйгөйлөрдү чечүүгө кварталдык комитеттердин күчү жеткен жок. Маселени чечүүнү мэрия уюштурса эл да колдойт эле", - деп жазган окурман.

Ошондой эле ал ажаткананын абалы өтө начар экенин, тазалык тууралуу сөз кылууга да болбой турганын кошумчалаган.

"Бала-чакалуу үй-бүлөлөр көп, ыплас дааратканага аларды түнү алып баруу кыйын. Мындан улам ар бир үй-бүлө желимден "чыгындыларды" топтогон "ажаткана" сатып алган. Күндүз ошону төгүүгө кирип чыкканча да жыты сиңип, сааттап сасып жүрөсүң", - деген ал билдирүүсүндө.

Айтымында, Союз мезгилинде бул үйлөрдүн ар бири борбордук канализацияга кошулган. Ал кезде бардык батирден суу чыгып, мындай маселелер болгон эмес.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(24)
18.06.2018. 15:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-10-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:07
Жынысы:
Белгисиз
+15
А ошочо жыл кутупсунор,дага сысып жашай бербей,288 уй булоо 1000 сомдон чогулсанар,баары сонуну эле бутмок,500 сомдон деле жетмек,
кокуй айй 200 сомго сантехник чыкырсан кулагын салып берип койбойбу,озунор эле суу келген трубаны ар ар жерден тешип жакшынакай кылып суу чыгарып албайсынарбы,ашар кыла койуп жаны туалет салып албайсынарба,200 сщьдон чогултсанар деле жетет элего.
18.06.2018. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
15-03-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 14:30
Жынысы:
Белгисиз
0
JOM, Сен ал жерге барган эмесин билбейсин. Минден эмес экиминден чогултса деле суу чыгаруу кыйын. Мен ал жерде жашабайм. Коргом. Общижитиеде жашагандай жашашат. Канализация турбалар иштебейт. Ал жерде мен билишимче торт беш дом болсо керек уч этаждуу. Кыйын чындап.
18.06.2018. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
15-03-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 14:30
Жынысы:
Белгисиз
-1
JOM, туалет курганга мерия уруксат берсе курат да. Озунорчо акылдуу боло бересинер экран артында.
18.06.2018. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
25-07-2013
Соӊку аракети:
04-08-2018 01:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-1
Jaziko80,Азыркы учурда айылдарда эл жүз миңдеген акча чогултуп өз проблемаларын өздөрү эле чечип алып жатышат. Уят эмеспи 288 үй бүлө биригип бир туалет салганга жарабас. Сордуруп ала турган кылып салса болот да. Мэриянын эле көзүн карап олтурбай
19.06.2018. 01:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
15-03-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 14:30
Жынысы:
Белгисиз
-2
mekenchil_jigit, Ал жер сенин айылынын эмес Карасуу шаары болот. Шаар болгондон кийин мэриянын иши.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-19 11:08:18
18.06.2018. 15:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
29-08-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 06:08
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мериянын алмасы быша элек, ал тушкучокту кооп бар. Андан коро алма бактын тубунон турагой кыргызым...
18.06.2018. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
02-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
+4
эми баляя баскан турбайбы капырай эми чычааам деп кыйкырганыле калыпсынарго ботом биттин канын сыгып бир сом аябай бир краник салп койбопсунарго биттин канын сыга бербегиле ала кетпейсинер тиги дуйного окмот жасайт деп потолоко чит тукурууууп гана жатат экенсинерда орусиядан таап келген акчанарды кайда коротосунар тойлордо тим эле каралевасынар ушу крайнике ботом акчанар жокпууу ботом
18.06.2018. 16:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:19
Жынысы:
Белгисиз
+3
tyrgon,айтпа,бир кранник салып ала алышпай не кылып журушот,1сомдон чогултса деле жетет го.
18.06.2018. 16:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буга точно Акаев менен Бакиев куноолуу
18.06.2018. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
29-05-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 14:02
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nanei,азыркы бийлик бирөөнүн уй
кой жоголсода бакиев күнөөлүү дей
Берет.
18.06.2018. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
634
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 14:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул дагы жанылыкпы ыя?Ай ай туугандар.Нарынга больница салыш керек десе ызылдадынар эле.Эми туалетти оздору эле салып албайбы 288 уй-булодон бирден адам чыкса эле салышат да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-18 16:36:51
18.06.2018. 16:39 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
466
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оор бейшепте нормальный отургузбаса керек. Кезектегилер
18.06.2018. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
06-04-2017
Соӊку аракети:
23-08-2018 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
288 уйдун 200 квартиранттар. Себеби уйлор жолдун боюнда жайгашкан. Алар 50 тыйынды да эсептеп зорго беришет. Ал эми алардын арасында майыптар да бар. Алардын 3000 пенсиясы эмнеге жетмек эле. Мэрияга жакында эле туалет курууга жер болуп беруусун суранып барсак мамлекеттен сатып алгыла деп кууп чыккан. Ал эми 1 ай мурун акимчиликтен келип 1000$ дан чогултсанар уйунорго суу менен туалет киргизип беребиз. Каалаганынар аристон койдуруп алгыла 1000$ сырткары байлар деп мыскылдар кеткен.
18.06.2018. 17:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
06-04-2017
Соӊку аракети:
23-08-2018 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин озубуздун кучубуз эч нерсеге жетпейт экен да. Же озубуз ашар менен куруп алалы десек бул жак шаар экен. Баскан кадамына акча толойсун. Свет, суу, мусор, газ, туалет, азык тулук жада калса менчик туалеттер 10сом 15 сомдон кылып которуп алган бааларды. Орусияда баары эле иштебейт. Иштегендерди деле коруп жатабыз 1000 сом таап келип 5000 сомдук лечение кылып кайра кетип атышат. Бир жылы кара суудагы базардагы туалетти билесинер. Ошол окуя кайталанганда анан эсинерге келесинер.
18.06.2018. 18:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1120
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 07:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Мен ал жерде жашабайм, бирок ошол үйлөрдүн абалын билем. 1000 сомдон топтоп чечилчү проблема эмес алар. Илгерки водопровод , канализациялар иштен чыккан. Туалет салганы жер бербейт экен, сатып алгыла деп . Жашоосу өтө жакшы эмес адамдар жашаса керек. Акчалары болсо ошол үйүн сатып, бир аз кошуп шарты бар жерден үй алып алышмак да.
18.06.2018. 18:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
06-04-2017
Соӊку аракети:
23-08-2018 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
tynara81,ооба да бул жакта бир комнаталуу уйлор 5-7 мин $ тегерегинде эки ком 10 тегереги, 3 ком 13 тегереги эми элестетиниздер кара сууга жакынкы эле ошто бир комната 15 мин усту бул жерде ат менен тоодой айырма бар.
18.06.2018. 18:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
02-12-2010
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Президент каякты карап отурат.Бир нормальный туалет салып Бере албаса олгон экен
18.06.2018. 20:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
634
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 14:31
Жынысы:
Белгисиз
-2
fak,Президент силерге туалет салып бермек беле?Анда баарыбыз эле жата берели президент туалет салып берсин деп
18.06.2018. 21:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
06-04-2017
Соӊку аракети:
23-08-2018 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azat.97,ошол буйрукту берсе анан аны сотрудник тер аткаравы тообо. Ойду келди суйлой бербегилечи. Туалет десе тоготпой атасынар. Туалет мн уйдун аралыгы 25 метр. Ал 1962 жылдан берки туалет. Ал жылдардан бери синип бутту жакында уйдун жертолосун тешип чыкканда же туалет чогуп кетип адамдар коз жумганда эсинерге келесинер. Анысы аз келгенсип бугун аны сордуруп атып трактор туалетти сущуп кетип дубалдарынын баары жарака кетип босогосу талкаланып калды.
18.06.2018. 20:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
02-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
+4
жол тоссонор твга чыксанар салп берет эркекче а то эч паляя
жок
18.06.2018. 23:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-04-2016
Соӊку аракети:
30-07-2018 16:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул туалет салышбасын. Жууп, тазалап турсанар болот да. Хлор арзан эле болсо керек. Ар бир адам тазалыкты сакташ керек
19.06.2018. 00:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
суу чыкпайт кунуго бир саат агат алсан алып калдын
19.06.2018. 00:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 12:20
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура маселе которуптур. Мерия ондоп берсин. Чындыгында абалы оор экен. Жети-огуз районунун центринде дагы ушундай койгой бар. Туалеттерин кулпулап алышат.
19.06.2018. 16:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
01-03-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул койгойлуу кабар кечетен бери турат.а чондордун бироо да реакция кылбайтат го Супер инфо?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: