Тартип сакчысы коомдук тамактануучу жайда эмнеге тамагына таштанды салды? Кызматтык иликтөө жүрүүдө

Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө" "Тартип сакчысы эмне үчүн тамагына таштанды салды?" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Видеодон коомдук тамактануучу жайда отурган погончон адам өзүнүн тамагына кандайдыр бир нерсени салганын көрүүгө болот. Анын бул аракети кафедеги видеокөзөмөлгө түшүп калган. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкери салфеткага оролгон нерсени тамакка кошуп, андан кийин официантты чакырган.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири ал адам тамакка таштанды кошконун айтып, ушул эле окуянын бет маңдайынан тартылган видеосу да бар экендигин айтууда.

Бул окуя боюнча Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторовго кайрылганда кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтты.

"Бул окуя Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлорунун катышуусунда болгон. Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгарылат", - дейт Оторов.

МАИ кызматкери тамакка акча төлөбөө үчүн ага таштанды салып койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Abdusamat.kg
2018-06-19 14:06:29
Кантсе да мусор мусор бойдон калат , миллион жолу реформа кылса да
+28
edua
2018-06-19 14:07:56
Тамак ашка зар болгур. жон эле ичип,жеп кетпейби.акчасын төлөбөстүн жолу бул.бечара повордун шорун куруткандыр мазги чагып.
+19
Mirkgz-1990
2018-06-19 14:13:31
ИТ да жеген тамагына мындай мамиле кылбайт ... Жединби толоп кой .. ушу 200-300 сомду да Бергиси келбей .. мамлекетке ушул Бир нерсе береби анан
+22
Makedonia
2018-06-19 14:22:21
Шоферлордон ошончо акча алып атса да, жеген тамагына да тологусу келбейт го чиркин. 5000-6000 сом айлыкка иштеп жаткан мамлекеттик кызматчылар деле олбой этпей эле оз чонтогунон тамактанып журушот го. Арам акчага аябай тоюп бутуптур, ХХХХХХ
+18
engel
2018-06-19 14:25:38
Иии бетим! Соз жок! Балык башынан сасыйт дейт. Бир жонокой жаран же бир студент кылса бир жон! Биз кыргыздар болбой калыптырбыз сасып! Коруп алып озун уяласын да
+18
bond02
2018-06-19 15:30:14
Копкон неме го.
+4
Nanei
2018-06-19 15:57:38
Мусор тамагына мусор салып коюптурда. Тан калычтын деле кереги жок булардын кылыгына. Кылбаганды кылышат
+3
Daak9091
2018-06-19 16:22:42
Мент ошол тамакты мандайына койуп байлап койуш керек
+1
Matahara1980
2018-06-19 16:31:19
Ушундай кара муртоз докчул адамдардан кудай сактасын, уяты жоктор
+1
Matahara1980
2018-06-19 16:36:41
Чон эле киши экен, кылган ишин кара соз жок вообще, бекер жеп ичип конгон да дармаеддер
+1
Nanei
2018-06-19 16:38:03
Пластмасса таштап коюптур,салфетка эмес.
+1
Nevestkaa
2018-06-19 19:15:29
Чоң эле киши экен уяты жок.
+1
aerforce
2018-06-20 12:51:33
ал жон эле тамак жеген просто мусорной бактан мусор түшүп калыптырда
0
AKCAHAT
2018-06-20 14:40:10
Эми жашаган иштеген жеринде кантип бети чыдап басат)) уят эле болду. Эл топтолгон жерде, досторунун арасында лакапка калса керек. А байлап тамак бергиле мусор жокпу деп анекдот болотго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан