Экс-депутат Ыргал Кадыралиева депутат Сагындык Келдибаев кызматынан пайдаланып сотторго, прокурорлорго басым кылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда маалымат жыйынында билдирди.
Кадыралиеванын айтымында, 30-майда башкы прокурор парламентте отчёт берип жатканда Сагындык Келдибаев Канжар Кадыралиевдин ишинде прокуратура кызматкерлери ага адвокат болуп жатканын, бул тууралуу фактылар бар экенин билдирген.
Ыргал Кадыралиева Келдибаевдин жеке маселесин парламентте көтөргөнүн кызмат абалынан пайдалануу жана укук коргоо органдарына кысым кылуу катары баалады.
"Сагындык Келдибаев депутат болуп келгенден кийин эки гана маселе көтөрдү. Анын бири жеке өзүнө таандык маселе болгон Канжар Кадыралиев жөнүндө. Парламентте жеке маселеси тууралуу айтканы ал кызмат абалынан пайдаланып укук коргоо органдарына карата басым кылгандыгы деп эсептейм. Мен бүгүн бул иш тууралуу тийиштүү жерлерге арыз менен кайрылам", - деди Кадыралиева.
Ал эми SUPER.KG порталы Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевге байланышканыбызда, ал бардык ишти мыйзам жолу менен кылып жатканын билдирди.
"Мен башкы прокурордун отчётунда ачык нерсени айттым. Мен бардык нерсени мыйзам жолу менен карап жатам. Канжар Кадыралиев боюнча чыгарган Октябрь райондук соттун чечими туура эмес, себеби Жогорку Соттун чыгарган чечимин четке чыгарып, өзүнүн чечимин чыгарып койгон. Бул мыйзамсыз иш, анткени Жогорку Соттун чечимин райондук сот жокко чыгар албайт", - деди Келдибаев.
Айта кетсек, 2014-жылы Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери болуп иштеп турган Канжар Кадыралиевге бир канча жаран арызданып, кийин ага карата Башкы прокуратура “бейбаштык”, “өзүм билемдик”, “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.