"Биз бул күндү көпкө күттүк". Сауд Арабияда аялдарга автоунаа айдаганга уруксат берилди
Сауд Арабиянын бийлиги аялдарга өлкө аймагында автоунаа айдоого уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, падышанын аталган буйругу 24-июнда күчүнө кирген.
"Аялдарга автоунаа айдоого уруксат берген падышанын буйругу 2017-жылдын сентябрь айында эле чыккан. Эми толук күчүнө кирди. Июнь айынын башынан бери Сауд Арабия өкмөтү аялдарды автоунаа айдоого үйрөтүп, тийиштүү документтерди берип жаткан", - деп жазышты басылмалар.
Сауд Арабия аялдарга автоунаа айдоого тыюу салган жалгыз өлкө болчу. Буга аталган өлкөдөгү диний ишеним себеп болуп келген.
Жаңы гана айдоочулук күбөлүк колуна тийген аял: "Мен абдан кубанычтамын. Себеби биз бул күндү көпкө күттүк", - деп айткан.