24-июнда өткөн президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган кайрадан Түркиянын президенти болуп шайланды. Мындай маалыматты дүйнөлүк басылмалар Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын башчысына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, азыркыга чейин шайлоо тилкелериндеги добуштар толук саналып бүтө элек.
"Учурда бюллетендердин 98 пайызы саналып бүттү. Анын жыйынтыгында "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынан чыккан Режеп Тайып Эрдоган 52,5 пайызга, оппозициячыл "Элдик-республикалык" партиясынан Мухаррем Инже 30,7 пайызга, ал эми күрддөрдүн "Элдердин демократиясы" партиясынан чыккан Селахаттин Демирташ 8,4 пайызга ээ болду. Калган 3 талапкер 8 пайыздан аз добуш алды", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми парламенттик шайлоодогу 10 пайыздык чектен 5 партия өттү. Алар: "Адилеттүүлүк жана өнүгүү", "Улуттук кыймыл", "Элдик-республикалык", "Жакшы" жана "Элдердин демократиясы" партиялары.
Маалыматка караганда, Түркиядагы шайлоого укук алгандардын 87 пайызы өз добуштарын беришти.
Учурда Эрдоганды кайрадан президент болуп шайланышы менен чет өлкө лидерлери куттуктоо телеграммаларын жиберип башташты. Эң алгачкылардан болуп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Катардын эмири Тамим бин Хамад бин Халифа Аль Тани, Пакистандын президенти Мамнун Хусейн куттуктады.