Кыргыз тойлорунда мөмө-жемиштер кооздолуп даярдалган столду банансыз элестетүү кыйын. Банан даамдуу жана витаминдерге бай болгондуктан аны наристелер да, улгайгандар да, баары жакшы көрүшөт. Бул ден-соолукка пайдалуу мөмө-жемишти бүгүнкү күндө ар бир базардан жана ири дүкөндөн жеткиликтүү баада тапса болот.
Банандын өскөн жеринен баштап сиздин столуңузга чейинки "саякаты", аны кантип туура тандоо керектиги жана баалары тууралуу SUPER.KG порталына "Фрунзе" ири маркетинен айтып беришти.
"Кара тактары бар банандар абдан ширин болот"
Банандарды ар кандай түстө көрсө болот. Жашыл түс банандын быша электигин билдирет. Эгер жашыл бананды ала турган болсоңуз, аны муздаткычта бир күн сактап, андан кийин жеген туура болот. Кара тактары бар банандар абдан ширин жана даамдуу болот. Ушундай банандар чоң суроо-талапка ээ. Карайып калган бананды албаш керек. Мындай банандар тортторду жасоого пайдаланылат. Биздин гипермаркетте карайып калган банандар жок кылынат. Бананды тандоодо катуураагын алыш керек. Жумшагынын даамы жок, супсак болот.
"Базарларда банандын килограммы 90-120 сом болсо, "Фрунзеде" 65 сом"
Өлкөдөгү базарларда жана ири дүкөндөрдө банандын баасы 90 сомдон 120 сомго чейин. Ал эми "Фрунзе" ири дүкөнүндө 65 сом. Бул абдан жеткиликтүү баа. Эсептеп көрсөк, "Фрунзеден" 7 даана бананды болжол менен 43 сомго алса болот. Биз баа саясатын сактайбыз, акция болгон күндөрү баа 55 сомго чейин түшөт, банандын дефицити болгон учурда баа 75 сомго чейин чыгышы мүмкүн. "Фрунзеде" банан арзан болгондуктан, базарлардан келип бизден чоң көлөмдө алганга аракет кылышат.
"Банандын "саякаты": Эквадор-Орусия-Казакстан-"Фрунзе"
Эквадор - дүйнөдө бананды ири масштабда экспорттоочу мамлекет. "Фрунзедеги" банандардын бардыгы ушул өлкөдөн келген. Башында банандар кеме менен Эквадордон Орусияга 26-28 күн күн ичинде жеткирилет. Мөмө-жемиш жолдо бузулбашы үчүн атайын жабдуу менен туруктуу температура сакталат. Санкт-Петербургдагы порттон алынып түшүп, фураларга жүктөлүп, Казакстан аркылуу Бишкекке 10 күн ичинде жетет. Бишкекте атайын цехте 5 күн сакталып, "Фрунзенин" филиалдарына таратылат.
Мына ушундай узак жол менен банан сиздердин столуңуздарга келет. “Фрунзе” ири дүкөнүнөн сиз бананды эң жеткиликтүү баада сатып ала аласыздар.
***
Эгер сиздерде продукциялар боюнча сунуштарыңыздар болсо, "Фрунзе" ири маркеттер тармагы жооп берүүгө даяр.