Астротөлгө: 1-июль күнү төрөлгөндөр карьераны үй-бүлөдөн жогору коюшабы?

Бүгүн төрөлгөндөр өтө сезимтал жана шайыр болушат. Көпчүлүгү өмүрүнүн биринчи жарымында кыйынчылыктарды башынан кечирсе да, турмуштун бардык оор жагдайларын жылмайып жүрүп жеңишет.

Ар бир пикир келишпестикти жүрөгүнө жакын кабыл алат. Бул күнү төрөлгөндөр жашоодо карьера жаатында көп ийгиликтерге жетет.

Кайсы бир принципке таянып отурбастан, зарыл жолду муктаждыгына жараша тандап кете берет.

1-июль күнү жарыкка келгендер жеңил-желпи ойлонууну жактырбайт. Ар бир нерсеге терең баа берип, жөнөкөй жоопторго канааттана бербейт.

Мүнөзү оор жана көп кырдуу, өзүнүн ички бай дүйнөсүн ачыкка чыгарууну мактануу катары эсептеп, пайда көрүүнүн ордуна жардамга муктаждарга кол сунат.

Ачык-айрым жана зиректиги мыкты дос болууга өбөлгө түзөт.

Жалгыз кемчилиги катары - карьераны үй-бүлөдөн жогору коюусу эсептелет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан