Астротөлгө: 11-июль күнү кандай адамдар төрөлөт?

11-июль күнү сылык жана меймандос адамдар төрөлөт. Өзгөчө сезимтал келип, айланасындагылардын маанайына жараша иш кылат. Тынч жашоону тандап ар кандай талаш-тартыштардан, тирешүүлөрдөн баш тартып кеңешүү жолу менен чечет.

Элчилик кызматты ийгиликтүү аркалап, үй-бүлөдө чыр-чатакты болтурбоочу "тынчтык көпүрөсү" саналат.

Коом турмушуна активдүү катышып, бардык тармактарда карьера кура алышат. Түрдүү чөйрөдөн берилген суроолорго так жооп берип, өздөрүн билгич катары эсептешет.

Табышмактуу болууну жактырып, сырларын көпчүлүккө бөлүшө бербейт. Түгөйүнөн ишенимдүүлүктү талап кылат.

Лидерликти башкалардан талашып жоопкер болууну көп каалабайт, бирок командада ийгиликтүү иштей алат.

Бул күнү төрөлгөндөр бактылуу болушу үчүн эмгектенгенди, кечире билгенди жана адамдарга ишеним артууну билиши керек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан