21-сентябрда чырайлуу, акылдуу, тамашакөй адамдар төрөлүшөт. Ошол эле учурда булар башына кандайдыр бир мүшкүл түшсө же көйгөй жаралса акылдуулугу менен чечип коё алат. Идеяга бай болгондуктан, ар бир жасаган ишин кылдаттык менен ойлонуп, чыгармачылык менен жасайт.
Бул күнү төрөлгөндөр жеке мамиледе башка бийкечтерден айырмаланып эркиндикти көбүрөөк талап кылышат. Ошол эле учурда булар сүйүүгө караганда достукту көбүрөөк баалашат.
21 санынын алдында төрөлгөндөр юморго жакын, тамашакөй болгондуктан адамдар менен оңой тил табышып, мамиле түзүп кете алат. Ар бир жумушту кылдаттык менен карап, акылдуулук менен аткарууга жөндөмдүү келишет. Бул күнү төрөлгөндөр коллектив менен иштешүүнү жакшы билгендиктен, кандай жумушту аркалабасын бат эле көнүп кетет.