19-март күнү төрөлгөн адамдар бир жагынан ачык-айрым, шайыр, өзүнө ишенимдүү, экинчи жагынан назик, кыялкеч болушат. Жүктөлгөн милдетти так аткарып, өз кадырына шек келтирбестен, баарын ордуна жайгаштырат. Ошондой эле кыялын ишке ашыруу үчүн болгон аракетин жумшайт. Ар бир нерсеге активдүү катышып, билбеген нерсесин үйрөнмөйүнчө жаны тынбайт. Табиятынан чыгармачылыкка жакын болушат. Кандай кырдаал болсо да кызыккан чөйрөсүнө бет алып, алдына койгон максатын ишке ашырат.
Ал эми жеке мамиледе туруктуу болушат. Өнөктөшү менен узак убакыт мамиле курууну, ошону менен катар сүйүктүүсүнүн көңүл буруусун, камкор болуусун каалашат.