Астротөлгө: 15-ноябрь күнү төрөлгөндөрдүн ачуусуна тийүү - аарынын уюгун бузганга барабар

15-ноябрь күнү төрөлгөндөр сылык, жылдыздуу, шайыр болушат. Анткен менен өздөрүнө талап коё билип, принциптер менен жашайт. Өздөрү башкалардын тынчын албайт жана катылгандын катыгын берет. Андыктан көпчүлүк алардын ачуусуна тийүү - аарынын уюгун бузганга барабар деп чочулашат.

Бул күнү төрөлгөн адамдар жаңы коллективге келгенде ар бир адамга кандай мамиле кылууну өздөштүрүп алганга чейин бир аз кыйналышат.

Өзүнө жүктөлгөн милдетти ашыгы менен аткарып, башкаларды да көзөмөлдөөгө жетишет. Алар өз алдынча боло алышат жана атаандаштарын артка калтыруу үчүн бардык аракетин жумшайт.

Жеке жашоосунда түгөй катары тобокелге баруудан коркпогон адамдары тандашат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан