Орусиянын бир нече шаарларында пенсияга чыгуу жашын жогорулатууга каршы митингдер өтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, пенсия курагын көтөрүүгө каршы митингдерди негизинен оппозиционер Алексей Навальныйдын аймактагы штабдары жана Коммунисттер (КПРФ), Либералдык-демократиялык (ЛДПР), "Адилеттүү Орусия", "Яблоко" партияларынын жер-жердеги өкүлдөрү уюштурууда. Навальный артынан аңдуулар, өмүрүнө коркунуч болуп жатканын айтып, 30-июнда өлкөдөн чыгып кеткен.
Акциялар футбол боюнча Дүйнө биринчилиги орун албаган шаарларда болуп жатат, себеби орус бийлиги футбол беттештери өтө турган шаарларда массалык акцияларды өткөрүүгө тыюу салган.
Эске салсак, Орусиянын өкмөтү пенсия курагын аялдар үчүн 63 жашка, эркектер үчүн 65 жашка жогорулатууну сунуштоодо. Аталган реформа этап менен ишке ашырылып, 2019-жылдан башталмакчы. Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу 2028-жылга чейин, ал эми эркектердики 2034-жылга чейин ишке ашырылат.