Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Канат Исаевдин иши каралат

Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, сотто "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча айыпталган кылмыш иши каралат.

Эске салсак, Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.

Буга чейин Исаевге козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан