Астротөлгө: 7-июль күнү төрөлгөндөр өжөрлүгү менен айырмаланабы?
Бул күнү төрөлгөндөр чындык үчүн күрөшүп, ар дайым интуициясына ишенет. Башкалардан өзүнүн дүйнө таанымы кеңирилиги менен өзгөчөлөнөт. Ачуусу чукул, бирок бат тарайт.
Табиятынан кепке белен болуп, ар кандай сынактарда атаандаштарына жол бербейт. Турмуштагы түрдүү жагдайларды жеңип өтүп, келечекте кандай адамга өмүр жолун улоону так аныктай билет. Тандаган татыктуу түгөйүнө өмүр бою ишеничтүү боюнча калат.
Эмгегинен баар таап, жылдыздуулугу менен башкаларды багынтып алат. Жашоодо шаан-шөкөттү жактыра бербей, тынч жашоону самайт.
Бул күнү жарык дүйнөгө келгендер өзүнүн өжөрлүгү менен көздөгөн максатына сөзсүз жетет.
Өмүрлүк жарын, балдарын да принципке таянган, бир сырдуу болууга үндөйт.