2-февраль күнү төрөлгөн адамдар башка суу куйду белгисинде төрөлгөн адамдар сыяктуу эле ачык айрым болушат. Алар айланасындагы адамдары менен тез эле тил табышып, мамиле түзүп кетүүгө жөндөмдүү келишет. Булар өжөр болгондуктан бир нерсе кыларда башкалардан кеңеш алганы менен өзү каалагандай чечим чыгарышат. Башкалардан айырмаланып, бир ишти кыларда жалгыз иштөөнү жактырат, себеби ар бир нерсени өзү каалагандай бүтүрүп, башкалардын тоскоолдук жаратышын каалабайт.
Ушул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе да өжөрлүк сапатын колдонушат. Алар сүйүктүүсүнө берилүү менен мамиле кылып, туруктуу сүйлөшүүнү жактырышат. Эгерде өнөктөшү тараптан кандайдыр бир катачылыктар кетсе, башка адамды издөөгө даяр турушат. Ошондуктан бул күнү төрөлгөн адамдар менен мамиле курууда этият болууңуз кажет.
Ошондой эле алар өзүнө абдан ишенгендиктен кандай жумуш болсо да иштөөгө даяр болушат. Өжөрлүгүнүн аркасында көптөгөн ийгилик жарата алышат.