ЖЫЛНААМА, 11-ИЮЛЬ: Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк шоколад күнү. Кулинарияда абдан көп кездешкен азык тууралуу кызыктуу маалыматтар

11-июль - Бүткүл дүйнөлүк шоколад күнү. Бул күн француздардын сунушу менен 1995-жылдан бери белгиленип келет. Шоколаддын аталышы – ацтектердин (Мексикадагы индей эли) "чоколатль" – "ачуу суусундук" деген сөзүнөн келип чыккан. Мекени – Борбордук жана Түштүк Америка. Тарыхка кайрылсак, илгери ацтек жана майя элдери какао дандарынан ачуу суусундукту даярдап, күнүмдүк тамак катары ичишкендиги айтылат.
Кийинчерээк XVI кылымдын ортосунда кечил илимпоз Бенцони Испаниянын падышасына дал ошол суюк шоколаддын пайдасы тууралуу доклад даярдайт. Падыша маалыматты уккан соң аны мамлекеттик сыр деп жарыялайт. Ал сырды кимде ким сыртка чыгарса, башы алынган делет. Көптөгөн жылдар бою шоколад бай адамдардын гана тамагы катары эсептелип келген. XIX кылымдын аягында гана кондитерлер шоколадды жасоонун ыкмасын ачыкка чыгарышат. Ал эми XX кылымдагы кумшекердин кескин арзандашы таттуу даамдын карапайым элге кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.
Шоколад тууралуу кызыктуу маалыматтар:
  • Шоколад XIX кылымдын экинчи жарымында пайда болгон. Аны ким ойлоп тапканы боюнча ар түрдүү уламыштар айтылып келет.
  • Кара шоколаддын курамынын 76 пайызын какао түзүп, шекер аз өлчөмдө кошулат. Андыктан ал башка шоколаддын түрлөрүнө салыштырмалуу аз калорияга ээ. Ал көздүн көрүүсүн жана эске тутууну да жакшыртат.

  • Дүйнөдөгү эң чоң шоколаддын салмагы 5,8 тоннаны түзгөн. Аны 2011-жылы 7-октябрда британиялыктар жасашкан.
  • Окумуштуулар тарабынан изилденгендей, шоколадды оозго шашпай салуу – өбүшүүгө караганда көбүрөөк кумар тартуулайт.

  • Окумуштуулар стресске кабылган адамдар маанайы көтөрүңкү инсандарга караганда 55 пайызга көбүрөөк шоколад жегенди каалай турганын айтып чыгышкан.
  • Шоколадды кызыл вино менен айкалыштырып колдонуу жазылбаган мыйзамдардын катарына кирет. Ал эми шампан менен шоколадды чогуу ичип-жеген өтө одоно көрүнүш катары саналат.

Шоколадга арналган эстеликтер:

Шоколадга арналган бул эстелик Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарына 2009-жылы орнотулган. Бийиктиги 3 метр, салмагы 600 килограммды түзөт.

Ал эми шоколадга арналган "Шоколад плитасы" эстелиги Орусиянын Талнах районунун Норильск шаарына 2004-жылы орнотулган.

11-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vikidiki
2018-07-11 16:58:42
Мен суйгон шоколад.Ким ойлоп тапса да рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан